15.08.2019 15:22

«Апрель» телеканалы медиа эксперттерди каналдын эфирин талдап чыгууга чакырат

«Апрель» телеканалы медиа эксперттерди каналдын эфирин талдап чыгууга чакырат

«Апрель» телеканалы медиа эксперттерди каналдын эфирин талдап чыгууга чакырат.

«Апрель» телеканалынын командасынын Кыргызстандын медиа жана эксперттик коомчулугуна кайрылуусу:

«Урматтуу кесиптештер, телеканалдын иши токтотулгандан бери биз сиздерден эң чоң колдоо алдык. Жылуу сөздөрдү айтуудан тарта,  биздин кесиптештерге жумуш да сунуштап жаттыңыздар. Социалдык тармакта Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдоо жана «Апрелдин»  ишинин жанданышы үчүн митинг уюштуруу чакырыгы да болду.  

Азыр биз үчүн колдоо гана эмес, биздин ишибизге берилген калыс баа дагы маанилүү болуп турат. Биздин каналды пропаганда менен алектенген, Алмазбек Атамбаевдин саясатын жайылтуучу катары сыпаттап, сатылып кеткен жана тыкыр көзөмөл алдында иштеген канал деген пикирлер да болууда. Мындай пикирлердин көбү аргументи жок эле,  эч негизсиз айтылып жатат.

Биз медиа коомчулукту, эксперттерди үн чыгарып, биздин контентке калыс анализ жүргүзүп берүүнү сурайбыз. «Апрель» телеканалы өз ишин баштагандан тарта көп сааттык илимий-популярдуу, көңүл ачуучу, таанытуучу контентти өндүргөн фактысын эске албай туруп, биз коомдук-саясий темалар чагылдырылган берүүлөрүбүздү анализдеп чыгууну суранабыз. Булар «Вечер новостей», «Жаңылыктар кечи», «Нить накала» жана «Кеп көөрүк» берүүлөрү. Бардык берүүлөрдү биздин  Youtube каналыбыздан тапса болот.

Биз «Апрель»  өзүн мамлекеттик жана мамлекеттин көзөмөлүндөгү ЖМКлар сөз бербеген жактарга өз оюн билдирүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаган альтернативдүү канал катары таанытып келгенин айта алабыз. Биз башкалар эч качан көрсөтпөй турган нерселерди көрсөтчүбүз жана көрсөтөбүз. Муну менен, биздин милдетибиз Кыргызстандагы бийликтин маалымат талаасына болгон катаал көзөмөлүнүн айынан бузулуп жаткан маалыматтык тең салмактуулукту сактоо болчу жана ал милдетибиз бойдон кала берет.

Аны менен бирге, биз эч качан пикирлердин тең салмактуулугу талабын сактабай койгон эмеспиз. Биз Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келбеген ар түрдүү позиция өкүлдөрүнө аянтча берип келгенбиз жана мындан ары да берүүгө даярбыз.

 «Апрель» телеканалынын эфиринде анын негиздөөчүсү Алмазбек Атамбаевдин дарегине далай жолу сын айтылган. Анын каршылаштары биздин телеканалдан өз ойлорун кенен-кесири айта алчу. Бул түз эфирге гана эмес, жазылып алынган интервьюларга да тиешелүү, аларда айтылган сын-пикирлер эч качан кесилчү эмес.  

Бул биздин позиция жана ошол позицияда кала беребиз. Телеканалда тыюу салынган адамдар болгон эмес жана болбойт дагы, тыюу салынган темалар да жок. Бизге күн тартибин өзүбүз түзүп, теманы жана аны чагылдыруу форматын өзүбүз тандоо мүмкүнчүлүгүн беришкен. Кесиптештердин буга ишениши – оор,  бирок бул - факт. Кыргызстандын журналисттик коомчулугу – тар чөйрө. Бул жерде кимдир-бирөөнү алдап кете албайсың.

Объективдүүлүк – бул ЖМКлар эч качан жете албагандай нарк. Журналисттер – маалыматты өзүнүн аң-сезиминин жана тажрыйбасынын призмасы аркылуу өткөрө турган адамдар. Бирок биз ар дайым чындыкты айтканбыз жана чынчыл бойдон калабыз. Өзүбүздүн алдыбызда жана биздин аудиториянын алдында.  

Ошон үчүн биз медиа коомчулуктан чынчыл анализ жүргүзүүнү суранабыз. Андай анализди, мисалы, эксперт Гүлнура Төралиева КТРКнын жаңылыктарынын чыгарылышына жасаган болчу. Иликтөө жүргүзүүгө кызыкдар тараптарга уюштуруу ишинде көмөк көрсөтүүгө даярбыз».

Эскерте кетсек, 9-августта тергөөчү атайын багыттагы жоокерлердин коштоосунда «Апрель-ТВ» ЖЧКсынын кеңсесине кирип, каналдын бардык кызматкерлеринин офистен чыгып кетүүсүн талап кылган.  Күч түзүм органдарынын өздүгүн жана кызмат абалын тастыктаган документтер, ошондой эле тергөөчүнүн талабынын мыйзамдуу экенин далилдеген кагаздар көрсөтүлгөн эмес. Тергөөчү оозеки түрдө гана «Медиа Форум» ААК имараты камакка алынганын жана имаратты бекитип кетишээрин айткан. Ошол күндөн бери канал кызматкерлерин кеңсесине киргизбей жатышат.